Өзгөндө 1,5 млн сомго бааланган мал уурдалган. Милиция 5 жигитти кармады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 18-сентябрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Салам-Алик айыл аймагынын 1989-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын сентябрь айында 4 баш малын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Ушундай эле мазмундагы арыздар менен дагы 7 жаран кайрылган. Жалпы 16 баш мал уурдалган.

Аталган фактылар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Х.О., 2001-жылы туулган М.Ж., 2001-жылы туулган С.У., 2005-жылы туулган А.А., 2005-жылы туулган Х.А. кармалып, камакка алынды.

Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 1 500 000 сомду түзөт. Уурдалган малдардын 9 башы ээлерине кайтарылды. Шектүүлөр калгандарын башка аймактын базарына алып барып, сатып жибергени маалым болгон.

Учурда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️