Өзгөн шаарында 1 млн долларга көпүрө курулуп жатат. Ал кандай болорун көрсөтүштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун аймагында инфраструктуралык, айыл чарба жана туризм долбоорлору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө курулуп жатат. Көпүрөнүн сметалык баасы — 96 млн сом. Ошондой эле 2 млн долларлык музей курууга жер тилке бөлүндү.

Жөө жүрүүчүлөр өтүүчү көпүрөнүн баасы 96 млн 294 миң 365,48 [Улуттук банктагы курс боюнча 1 млн 99 миң 230.66 доллар] сомду түзөт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2023-жылдын 25-декабрынан 2025-жылдын 25-июнуна чейин.

Алай районунда 30дан ашык эс алуу жайларына 11,2 км электр мамычалары орнотулду. Бул иштердин жалпы баасы 13,5 миллион сомду түздү.

Ошондой эле президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев Ноокат районунда ишке ашып жаткан бир катар долбоорлор менен таанышты.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush Өзгөн шаарындагы борбордук стадионун жана Орто-Коргон сейил багын кошо реконструкциялоо пландалып жатканын жазган.

Стадион 1968-1970-жылдары курулган боюнча капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөн эмес. Болжол менен 5 миң орунга ылайыкташкан.

Стадион менен сейил бактын долбоорунун баасы 141 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️