Өзгөндөгү жайлоодо дайынсыз жоголгон тургундун сөөгү табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районундагы жайлоодон эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Он-Беш-Жаш айылындагы жайлоодо болгон. Анда дайынсыз жоголгон 41 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды.

Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, сөөк 11-июль күнү милиция кызматкерленине өткөрүп берилгени билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылы 10-июль күнү Салам-Алик айыл аймагындагы Он-Беш-Жаш айылынын Тепши-Айтийбес жайлоосунда 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаран жолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Өздөө иштерине 3 куткаруучу, 3 милиция кызматкери жана 10 жергиликтүү тургун тартылган. Саат 16:00 чамасында жоголгон адамдын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айылынын тургуну — 1983-жылы туулган А.Ж. экени аныкталды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️