Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү кырсыкта айдоочу көз жумган. Маркум тууралуу айрым маалыматтар белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районундагы жол-транспорт кырсыгынан эркек киши каза болду.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, окуя 2024-жылдын 7-июнунда катталган. Маркум Өзгөн районунун мурунку акими Болот Дыйканбаевдин тууганы болчу.

  • Дыйканбаев Болот Жусупович 2020-жылдын 19-августунда Өзгөн районунун акими болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылдын октябрь айында аталган кызматтан бошотулган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, кырсык 7-июнь күнү саат 16:00 чамасында Өзгөн районунун Жээренчи—Эркин-Тоо унаа жолунун 4-чакырымында, тактап атканда Жазы айыл аймагынын Кызыл-Дыйкан айылында болгон. Кызыл-Тоо айылынын 1991-жылы туулган тургуну М.Ч. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кызыл-Дыйкан айылынын 1986-жылы туулган тургуну Д.М.нын башкаруусундагы «Дэу Тико» унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Дэу Тико» автоунаасынын айдоочусу Д.М. Өзгөн аймактык ооруканасына жетпей көз жумган. Ал эми «Хендай Портер» унаасынын жүргүнчүсү — Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылынын 1996-жылы туулган тургуну К.Н. жаракат алып, Өзгөн аймактык ооруканасына жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE