Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү каналдан аялдын сөөгү табылган. Маркумдун уулу көрсөтмө берди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Өзгөн районундагы каналдан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 27-май күнү болгон. Жансыз дене сууга агып, каналдагы тосмолорго илинип калган.

Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, 27-майда саат 12:15 чамасында Өзгөн шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн жанынан өткөн каналдагы суудан болжол менен жашы 55-60 чамасындагы азиат түспөлүндөгү аял кишинин жансыз денеси табылган. Аталган маалымат Өзгөн РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда Өзгөн шаарынын Гагарин көчөсүнүн №10 дарегинде жайгашкан «Нур» үй тиричилик дүкөнүнүн алдынан агып өткөн Өзгөн каналында Өзгөн шаарынын тургуну — 1958-жылы туулган М.Б.нын жансыз денеси суу менен агып келип, бир нерсеге илинип тургандыгын ошол жердеги дүкөндө иштеген жарандар көрүп, милицияга кабар бергени аныкталган. Жансыз денеге кароо жүргүзүлгөндө анын бешенесинде 1,3х4 см өлчөмүндө сыйрылып, канталаган жарааты бар экендигин аныкталган.

Текшерүүдө маркум өлүк сактоочу жайга жеткирилип, анын денесинен алган жараатынын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маркумдун уулу А.М.нын берген көрсөтмөсү боюнча, апасы 1 жылдан бери психикалык жактан катуу жабыркап келген. Аны көп жолу дарылатышып, бирок жардам бербегендиктен апасынын баскан-турганын көзөмөлдөп келишкен. 2024-жылдын 27-майына караган түнү саат 01:30 чамасында апасы өз бөлмөсүндө жаткан. Бирок таңкы саат 06:00 чамасында ордунда жок экендигин көрүп, издеп башташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE