Өзгөндөгү көчө 9 жылдан кийин кайра ачылды. Ал жердеги мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн шаарында 412 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жер тилке 2015-жылы жеке жакка мыйзамсыз берилип кеткен. Ал жерге турак жай жана башка курулуштар курулуп, дубал менен тосулган.

«Мыйзамсыз берилип кеткен жер баштапкы иш кагаздарында жалпы эл пайдалануудагы көчө болгон. Жеке колдорго өткөндөн кийин курулуштар тургузулуп, мыйзамсыз тосулган. Өзгөн райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актысынын бузууларды четтетүү жөнүндөгү талабына ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти ал жердеги тосмолорду жана башка курулуштарды бузуп, жол ачылды.

Өзгөн шаарынын Ленинградская көчөсүнүн аты аталбаган жашоочусунун жазган арызынын негизинде (өз билемдик менен там, бастырма, бетон дубал менен жолду тосуп алуу боюнча) тиешелүү иштер аткарылды. Учурда белгиленген жерге мамлекеттик акты даярдалып, муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин балансына өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️