Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү айылдын 2 көчөсүнө асфальт басылды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагына караштуу Адыр айылында 2 көчөгө асфальт басылды. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.

Анын айтымында, айылдын Актилек жана Барпы Алыкулов көчөсүнө (узундугу 1 км 625 метр) асфальт басылып, пайдаланууга берилди. Акчасы республикалык бюджеттен каржыланды. Асфальт басуу иштери 10 күн мурун башталып, 22-июнда толугу менен аяктады. Буга чейин бул айылда жол маселеси жаралып, жергиликтүүлөр кыйналып келишкен.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Мырза-Аке жана Алтын-Булак айыл аймактары бириктирилип, Мырза-Аке айыл аймагы түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE