Өзгөндөгү айылда шарты оор 11 үй-бүлөгө 10дон кой таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Красный Маяк айылындагы жашоо шарты оор 11 үй-бүлөгө 10дон кой берилди. Бул тууралуу айылдын имамы Уларбек Самиев билдирди.

Анын айтымында, бул аракетайыл жаштары менен биргеликте уюштрурулган.

«Бул демилге былтыркы жылы айылдагы жаштардын, ишкерлердин колдоосу менен башталган. Мурунку жылы 71 кой жана 1 торпок берилген. Быйыл 140 кой берилди. Ар бир үй-бүлөгө 10дон кой берип, ошондой эле Мырза-Акедеги балдар үйүнө жана медресеге тапшырылды. Жалпысынан 11 үй-бүлөгө бердик. Ошону менен бирге кошунасы тарабынан киши колдуу болуп өлгөн келиндин жакындарына да жардам көрсөтүлүп, 8 кой берилген. Ал келин дагы биздин айылдын тургуну болчу. Кошуна айылга турмушка чыккан эле», — деди имам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️