Өзгөндө жаш жигит кармалды. Ал өспүрүм кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жасалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм кыз 15 жашта.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктаган маалыматка караганда, бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2001-жылы туулган тургуну С. уулу У. кечээ, 20-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️