Өзгөндө тамактануучу жайлар текшерилип, 130 миң сомдон ашык айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда санитардык талапка жооп бербеген тамактануучу жайлар текшерилип, 133 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Өзгөн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү үчүн Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 3 кварталга 64 жолдомо алынган.

Анын ичинен июль-август айларында 41 объект текшерилди.

— 34 коомдук тамактануучу жай;

— 5 азык-түлүк дүкөнү;

Пример HTML-страницы

— 2 наабайкана.

Санитардык талаптарга жооп бербеген 34 объектке 133 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле пландуу рейддик текшерүүнүн негизинде ашкана башчыларынын макулдугу менен 11 объект убактылуу жабылып, актоо-сырдоо иштерин аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️