Өзгөндө «алтын сертификатка» татыган окуучуларга 100 миң сомдон берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБыйылкы окуу жылында Ош облусунун Өзгөн районунда 2 окуучу «алтын сертификатка» ээ болуп, 15 окуучу ЖРТдан 200дөн жогору упайга татыган. Аларга демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылганын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанов билдирди.

Анын айтымында, «алтын сертификатка» татыган окуучулар президент Садыр Жапаров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тарабынан сыйлыктарды алышты.

«Өзгөн районундагы демөөрчү тарабынан «алтын сертификат» алган 2 окуучуга 100 миң сомдон, ЖРТдан 221 упай алган окуучуга 50 миң сом берилди. Айыл өкмөттөр тарабынан 15 окуучуга акчалай сыйлыктар тапшырылды», — дейт А.Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️