Пример HTML-страницы

Өзгөндө 6 жаштагы баланы унаа сүзүп кеткен. Айдоочу кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында кичинекей баланы унаа сүзүп, айдоочу качып кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, 6 жаштагы бала бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, 2024-жылдын 8-июнунда саат 16:35 чамасында Полотов көчөсүндө Мырза-Аке айылынын 2018-жылы туулган тургуну К.А.ны Өзгөн районунун Алтын-Булак айылынын тургунунун башкаруусундгы «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу качып кеткен.

Ал жол тескөөчүлөр тарабынан жол кесилишинде турган жеринен кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE