Өзгөндө 6 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн райондук мамлекеттик администрациясында жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бир катар жетекчилерди сынга алды. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөш бардык түзүмдөрдүн артыкчылыктуу багыты болушу керек.

Ошондой эле инвестиция тартуу жана туристтер үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүгө чакырды. Табигый жана техногендик кырсыктардын коркунучу бар аймактардан өз убагында эскертүү жана элди эвакуациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчибек Жантаевдин айтымында, жер тилкелерин бөлүштүрүү процесси иретке келтирилет. Жер мамлекет тарабынан бекер берилерин эскертип, коррупциядан алыс болууга чакырды.

Мындан тышкары жыйында социалдык-экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана экология маселелери да талкууланды. Ошондой эле облус башчысы өнүктүрүү фонддон акча бөлүү ниетин билдирип, район борборлоруна инфраструктураны жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү техника жана башка долбоорлорду ишке ашырууну тапшырды.

Пример HTML-страницы

«Алты айда Өзгөн районунун ишмердүүлүгү бардык көрсөткүчтөрдөн алдыда экени белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️