Өзгөндө 14 млн сомдук жер тилке жеке менчикке берилген. Мурунку мамлекеттик кызматкер кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда мурунку мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн райондук прокуратусы тарабынан 2024-жылдын 20-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында РИИБ, УКМК жана прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында ыкчам тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзгөн районунун аймагында базар баасы 14 миллион сомду түзгөн 1,5 га жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

2024-жылдын 18-август күнү бул кылмышка шектүү катары «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директорунун мурунку орун басары 1967-жылы туулган Б.А. жана Өзгөн шаарынын 1965-жылы туулган тургуну М.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️