Пример HTML-страницы

Өзгөндө 12 жаштагы окуучу бала асынган абалда табылды. Айрым жагдайлар

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда 12 жаштагы окуучу асынган абалда табылды. Бул тууралуу Тurmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 25-май күнү Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы айылдардын биринде болгон. Анда 2012-жылы туулган бала таенесинин үйүнүн короосунан асынган абалда табылган.

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн социалдык адисинин айтымында, окуучу таенесинин үйүнө конокко келген.

«Ал бала бизде базада катталган экен. Бирок апасы менен чогуу Ошто жашачу. Окуя болгон күнү таенесинин үйүнө келген экен. Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы мектептерде окуган эмес. Апасынын катталган, жашаган жери Ош шаарында экен. Сөөгү таенесинин коросунан табылганын айтышты», — деди адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE