Пример HTML-страницы

Өзгөндө 117,5 млн сомго курулуп жаткан мектептин бир бөлүгү бузулду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылында курулуп жаткан мектептип бир бөлүгү бузулду.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шайырбек Жылдызбек уулу Turmush басылмасына берген комментарийинде мектеп эмне себептен бузулганын түшүндүрдү.

«Кыштарды кынап курууда гидроизоляция болгон эмес. Изилдөөнүн жыйынтыгында кыштарды кыноо иштери бир аз долбоорго дал келбегени аныкталды. Андыктан курулуштун бир блогу бузулду. Кулуш токтотулуп, подрядчыга эскертүү берилди. Өз эсебинен калыбына келтирип, оңдойт. Калган бөлүктөрүндөгү курулуш иштери долбоорго ылайык жүргүзүлгөн», — деди ал.

Бул мектептин курулушу 2022-жылы башталган. Жаңы билим уясы 275 орунга ылайыкташтырылган. Сметалык баасы 151 миллион 939 миң сомду, тендердик баасы жалпы чыгымдары менен 117 миллион 554 миң 637 сомду түзгөн. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда.

Курулуш иштерин «КубАй» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «КубАй» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси — Алиев Кубанычбек Салаидинович. Компания 2009-жылы 1-июнда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: адистештирилген курулуш иштери.

Ал эми Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Жолдошов Жылалды айылынын тургундары жаңы мектепке муктаж экенин билдирди. Окуучулар 1960-жылдары курулуп, эскилиги жеткен мектепте окуп жатышат.

Төрт-Көл айыл аймагы Өзгөн районунда калкынын саны боюнча 2-орунда турат. Айыл аймактагы калктын саны 27 миң 250 адамга жетти. Жалпы 5,5 миңге жакын кожолук бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE