Пример HTML-страницы

Өзгөндүн тургуну Бакмал тилкесиндеги жердин тагдыры чечилбей жатканын айтып чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунун тургуну Акылай Темирбаева бүгүн, 2-июлда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Дөң-Булак айылынын Бакмал тилкесиндеги 14 сотых жерди мамлекетке кайтаруу керек деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, аталган жер Кара-Кулжа районунун тургуну Бакытбек Жээнбековго таандык.

«Мурда да ушул маселе боюнча бир нече ирет маалымат жыйын бергем. Сот иштери жүрүп, териштирүүлөр болгон. Кийин бул иш жабылып кетти. Президент менен УКМКнын төрагасына кат жазгам, «иш кайра каралсын» деген жооп келген. Ошол жерди мамлекеттин балансына кайтарыш керек», — деди Темирбаева.

Акылай Темирбаеванын ишенимдүү өкүлү, юрист Афтандил Бекматов аталган жер тилкеси кандай негизде, кайсы жылы Бакытбек Жээнбековдун атасы Э.Ж.нын атына өткөндүгүн айтты.

«1996-жылдын 31-майында Өзгөн райондук администрациясы тарабынан Дөң-Булак кеңешинин Бакмал айылындагы, тактап айтканда Өзгөн—Мырза-Аке жолунун сол тарабындагы жерден Э.Ж.га эки колонкалуу май куюучу жайдын долбоору үчүн 6 сотых жерге жеке менчик укугу берилсин деген токтом кабыл алынган. Бул токтом да мыйзам бузуу менен кабыл алынган. Жер кодекси боюнча биринчи жерде сатарда, же аукционго коердо жердин ээси жана категориясы аныкталышы керек эле. Аларды аныктабай туруп, түз эле токтом менен берип жиберишкен. 2002-жылы ошол кездеги айыл өкмөтү 14 сотых жерди Э.Ж.га менчик укугу берилсин деген токтом чыгарып берип койгон. Ошол кезде айыл өкмөт сот органдарынын укугун колдонуп койгон. Менчик ээсин аныктоону сот гана аткара алат. Бул биринчиси.

Экинчиси, Э.Ж. 1998-жылы каза болуп калган. 4 жыл өткөндөн кийин гана айыл өкмөт ал кишинин атына менчик укук өтсүн деген токтом чыгарып жатат. Үчүнчүсү, Өзгөн администрация 6 сотых жерге май куюучу жайдын долбоору боюнча укук берилсин десе, булар 14 сотыхка көбөйтүп коюп жатышат. Анан ушул токтомдун негизинде мамлекеттик акты берилген. Бул ишти Акылай Темирбаев 2022-жылы козгоп, Өзгөн райондук прокуратурасына кат жазган. Прокуратура кылмыш ишин каттап, Өзгөн РИИБге өткөргөн. Өзгөн РИИБ да кылмыш ишти каттап, бирок ошол кезде токтом чыгарган айыл өкмөт башчысын жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иш кыскартылган.

Кийин тиешелүү башкармалыктар бул иш боюнча Ош облустук администрациялык сотуна даттанышкан. Ош облустук администрациялык соту даттануу мөөнөтү өтүп кеткен деген чечим чыгарды. Бирок 2024-жылдын мартында Конституциялык сот «10 жылдык даттануу мөөнөтү Конституцияга каршы келет» деген чечим чыгарып, ал беренени алып салгандан кийин 10 жылдык мөөнөт жоюлгандыгына байланыштуу кайрадан сотко кайрылышты. Азыр иш сотко өтүп, кийинки процесс 26-июлга дайындалды», — деди ал.

Буга чейин Бакытбек Жээнбеков Turmush басылмасына берген комментарийинде аталган жер тилке атасы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Өзгөн районундагы көп кызматта иштеген үчүн берилгенин билдирген.

«Жер атамдан мага мурас катары өткөн. Таштанды жерди өздөштүргөм. Учурда бул арыздануучулардын арызы прокуратурада каралып жатат. Маселени соттук орган териштирет. Ал жерди ижарага бирөөгө бергем, ал 1 млн 100 миң сом карыз. Ошол ар түрдүү жолдорду колдонуп жатат. Мен да аны сотко бергем», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE