Пример HTML-страницы

Өзгөн жана Кара-Кулжанын жашоочулары облустук милициянын жетекчилигине көйгөйлөрүн айтышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 4-июнда Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Өзгөн жана Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилиги, ардагерлер жана райондук ички иштер бөлүмдөрдүн өздүк курамы катышты.

Чогулуштун күн тартибине тургундардын ар кандай көйгөйлүү маселелерин талкуулоо, аларды чечүү жолдорун аныктоо, арыз-даттануулар боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү маселеси коюлду. Алгач Ички иштер министрлигинин аткарып жаткан ишмердүүлүгүн чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, андан кийин райондук ички иштер бөлүмдөрдүн башчылары район аймагындагы криминогендик абал боюнча баяндама жасашты. Андан ары жыйынга катышуучулар тарабынан көйгөйлүү маселелер тууралуу суроолор узатылды.

Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов ар бир жарандын кайрылуусу боюнча башкармалыктын кызмат, бөлүмдөрү өз ыйгарым укуктарына жараша иш жүргүзө тургандыгын белгиледи. Аны менен катар «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» № 60 мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматташтыгын бекемдөө зарылдыгын айтып өттү.

Жыйындын соңунда көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча протоколдук тапшырма кабыл алынып, тийиштүү кызмат, бөлүмдөргө жөнөтүлдү.

Ушундай эле жолугушуулар Ош облусунун бардык райондорунда уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE