Пример HTML-страницы

Өзгөн районунун айылында сел жүрүп, 37 турак үй жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Анна-Кызыл айылында селдин кесепетинен 37 турак үй жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, куткаруучуларга кечээ, 21-июнда саат 22:33 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары сел сайынан ашып, Ана-Кызыл айылын суу каптагандагы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Өзгөн райондук өрткө каршы бөлүмүнүн ыкчам тобу жана техника тартылып, тазалоо иштери жүргөн.

Бүгүн, 22-июнда Ана-Кызыл айылында катталган селдин кесепетин тактоо иштерине Өзгөн райондук ӨКБдан ыкчам топ жана жарандык коргонуу комиссиясы тартылган. Кырсыктын кесепетинен 37 турак үй жабыркаган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 21-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Саат 23:00дөн тартып төмөнкү аймактарда нөшөрлөгөн жамгыр жаамак:

— Баткен облусунун Кадамжай районунда

— Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон райондорунда

— Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда

— Чүй облусунун Жайыл районунда.

Ошондой эле 22-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE