Өзгөчө ысымдуу ак-талаалык мугалимдин жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Коңорчок айылынын тургуну Акийма Асанакунова. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Акийма Асанакунова 1963-жылдын 16-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылында туулган.1980-1984-жылдары Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы педогогикалык институтунун математика факультетинде, 1984-1985-жылдары Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде, 1985-2000-жылдары Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев жана Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштеп келген. 2000-жылдан ушул кезге чейин Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү. Жолдошу Келдибек Атаканов дагы мугалим болгон. Жубайлар 2 уулду тарбиялап өстүрүштү.

Каарманыбыздын ысымын атасы ыйык башкарма болсун деген мааниде койгонун айтты.

«Ысымымды атам койгон экен. Ак— ыйык, таза дегенди билдирсе, аким— аймак башчысы, башкарма дегенди билдирет деп. Мындайча айтканда, таза иштеген аймак башчысы болсун деген мааниде ырымдап койгон тура. Менин ысымымдай ысымды 1 гана жолу уктум», — деди ал.

Мугалимдик кесипти тандап алуусуна дагы атасы түрткү берген.

Пример HTML-страницы

«Атам көсөм, кыраакы киши болгон. Окуучу кезимде эле сабакты жакшы окучумун. Аны көрүп, мүнөзүмдү билип «сен мугалим болосуң, болгондо дагы математик мугалим болосуң» деп айткан. Атамдын айтуусу, түрткүсү менен мугалимдик кесипти 40 жылдан бери аркалап келе жатам.

Биздин убакта жогорку окуу жайдын студенттерин айыл чарба иштерине алып кетип, иштетишчү. Ошондой убакта жолдошум менен таанышкам. 2 жылдай убакыт сүйлөшүп жүрүп, акыры баш коштук. Экөөбүз бир кесипте, бир мектепте бирге иштедик. Тилекке каршы, жолдошум өткөн жылы каза болуп калды. Бири-бирибизден ката кетсе, үйдөн жай отуруп, сүйлөшөөр элек. Айтылган сынды туура кабыл алып, бир пикирге келчүбүз. Иште дагы, эс алууда дагы чогуу жүрчүбүз. Мындай күндөр узакка созулса кана, аттиң», — деди ал.

Акийма Асанакунова кесибинен тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенерин айтты.

«Кыргыз аялзатынын бардыгы эле кол өнөрчүлүккө жакын эмеспи. Мен дагы бул өнөрдөн алыс эмесмин. Сайманын түрүн саям. Шырдак жасайм. Балдарга кийим тиге калмайым бар. Азырынча үйгө, өзүбүзгө эле жасап жүрөм. Мугалимдик кесиптен эс алууга кеткенде кызга сеп катары чукума сайма, жер төшөк жасайм деген планым бар. Буйрутма алып, тиге берсемби деген ой кетет. Бирок жумуштан убакыт болбой калат», — деди ал.

Мугалим болуш үчүн ички туюмуң күчтүү болуп, ата-эне, окуучулар менен тыгыз байланышта болуш керек деп эсептейт.

«Мугалим болуу үчүн чыдамкай, адамгерчиликтүү, ишти жана убакытты туура бөлүштүрүп, ички туюмуң күчтүү болушу абзел. Анан албетте билимдүү болушуң керек. Акыркы мезгилде мугалим, ата-эне жана окуучулар ортосунда ар кандай терс көрүнүштөр, пикир келишпестиктер болуп жаткандыгын угуп, көрүп жатабыз. Буга таасирдүү идеологиянын жоктугу жана ата-энелер, окуучулар, мугалимдердин ортосунда тыгыз байланыштын жоктугу себеп болуп жатат. Мындай көрүнүштү токтотуу үчүн коомдун өзгөрүүлөрүнө ыкташуу, мугалим өзү билимдүү, маданияттуу, таасирдүү болуп, ата-энелерге талапты туура, так коюшу зарыл. Баланын өзгөрүүлөрүн ата-энелерине айтуу, баланын психологиясын жакындан билүү керек деп эсептейм», — деди ал.

40 жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жаткан каарманыбыз жетишкендиктери менен бөлүштү.

«Быйыл жетинчи ирет 11-классты бүтүрдүм. Мен жетектеген класс дайыма көп ийгиликтерди жаратат. Бул менин ийгилигим деп эсептейм. Бул жылдар аралыгында көп ийгиликтерди жарата алдым. Олимпиаданын райондук, облустук турларында окуучуларым 1-2-3-орундарды камсыз кылып келишти. Окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө 6 жылдан бери акысыз даярдап келем. Быйыл окуучум Рысбек кызы Айым ЖРТдан 216 упай алып, мектебибизди унаалуу кылды. Окуучуларымдан ыраазычылык сөздөрүн көп эле угам. Кесибимдин арты менен райондук билим берүү бөлүмүнүн, облустук усулдук билим берүү борборунун, билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Агартуунун мыктысы» төш белгиси, «Кесиптик бирликтин мыктысы» төш белгилери менен сыйландым», — деди ал.

Мугалим айым эсте калган кызыктуу окуяларын баяндап берди.

«Биз Коңорчокко келгенден кийин Ак-Чийдеги малыбызды айдап келиш керек болуп калды. Жайылма жайлоосунда кайним Адыл бар. Жолдошум, уулум үчөөбүз Адылдыкына келип, эртеси «эртең менен эрте ат менен Ак-Чийге чыгалы» деп сүйлөшүп барганбыз. Эртең менен жолдошум «мен барбайм убара болуп, өзүңөр эле бара бергиле» десе болобу. Анан биз айтканына көнүп, Адыл, уулум үчөөбүз Ак-Чий айылынын Турук жактагы жайлоосуна чыгып кеттик. Ошондо Туруктан тартып Кум-Бел жайлоосун ашып, 12 саат бою ат менен малыбызды айдап келгенбиз. Жолдошум чыныгы педагог болгон. Мал чарбачылыгы жана башка иштерге кызыкчу эмес.

Бир жолу Гүлзарида Асанбекова деген кызды математика сабагынан олимпиадага даярдап, өзүм олимпиадага алып бара албай калдым. Жолдошум Келдибек окуу иштери боюнча директордун орун басары катары ал жетектеп кетти. Ал окуучум райондон 1-орунду камсыз кылыптыр. Ошентип жолдошум үйгө кире электе эле кыйкырып келе жатат. Эмне болду экен деп чыга калсам, колуна гүл кармап алып, ушунчалык кубанып келген. Дасторкондо отуруп, «апаңар ийгиликтерди жаратыптыр» деген сүйүнүчкө толгон көз карашы азыркыга чейин эсимден кетпейт», — деп сөзүн жыйынтыктады мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️