Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү унаа жолду кайрадан сел алып кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районундагы Кара-Дөбө жана Жаман-Тал тилкесиндеги жолду кайрадан сел алып кетти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул тилкелер Мырза-Аке—Кара-Шоро унаа жолунда жайгашкан.

Кечээ, 25-июнда нөшөрлүү жаандан кийин кайрадан сел жүрүп, буга чейин жолчулар калыбына келтирген жолдорду сел алып кетти. Жерине жолчулар жана атайын техника тартылды. Алар дарыянын нугун жол тилкесинен бурууга аракет кылып жатышат.

Министрликтин маалыматы боюнча, 22-24-июнь күндөрү жааган жаандан кийин Жазы дарыясынын нугу бурулуп, Мырза-Аке—Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырымындагы Кара-Дөбө жана Жаман-Тал тилкесин жууп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE