Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү тургундар 1,5 млн сом сарптап, турак үйдү бала бакчага айлантты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 14-июнда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айылындагы «Кароол» бала бакчасынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башысы Күмүшай Шарипова билдирди.

Анын айтымында, «Кароол» мектепке чейинки билим берүү мекемеси 75 орунга ылайыкталган. Жергиликтүү демөөрчүлөр өзүнүн жеке турак жайынын багытын бала бакчага өзгөртүү менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, керектүү эмеректер, жабдыктар менен камсыздады. Жалпы 1,5 млн сомго жакын акча каржаты сарпталды.

«Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү жана тиешелүү мекеме-уюмдар тарабынан бала бакчанын ачылышына уруксат кагаздары даярдалып, жаңы кызмат орундары түзүлдү. Бакчанын ачылуу аземине аким жана бир катар жетекчилер катышты», — деди Шарипова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE