Өзгөндөгү тургун өз үйүндө жан берген. Маркумдун жакындары үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-октябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары жергиликтүү тургундун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иш боюнча кайрылуу жасады.

Алардын айтымында, 2023-жылдын 9-майында О.Р. аттуу жаранды өз үйүндө досу, айылдашы М.А. бычак менен сайып өлтүргөн. Тергөө убагында М.А. жасаган кылмышын моюнуна алып, сот процесси учурунда күнөөсүн моюнуна албай койгон.

«Мен О.Р.нын жубайы болом. Биз жабырлануучу болуп эсептелебиз. Анткени 2023-жылдын 9-майында жолдошум О.Р.ны айылдашы, куралдаш досу М.А. биздин үйдө бычак менен сайып, өлтүрүп койгон. Жолдошум окуя болгон жерде жан берген. Айыпталуучу «ошол убакта спирт ичимдиктерди ичип, тигиндей болгонбуз, андай болгонбуз» дейт. Ал учурда спирт ичимдиктери ичилген эмес. «Мен оорулуумун» дейт. Жолдошум экөө бет маңдай отурган жерден эле ушул окуя боуп кеткен. Мен Россиянын Тюмень шаарында небере карап жүргөн элем. Кыздарым да үйдө жок болгон. Өз ара келишпестиктенби, же жөн эле чай ичип отуруппу, ушундай окуя болуп кеткен.

М.А. тергөөнүн жүрүшүндө «ушундай болгон, чай ичип отурганбыз» деп күнөөсүн толук моюндаган. Бирок соттук териштирүүлөрдө «мен билбейм, ал Россияга кеткен, мен кылган эмесмин» деп моюнуна албай койду. Мен канчалык экспертизага берели деп аракет кылган сайын сот алардын эле арыз-муңун угуп туруп алды. Ага Кызыл-Жардагы психикалык ооруканадан кортунду чыгарып, психикалык оорулуу деп чыгарып алышыптыр. Сот өзү каалабаса да мажбур иретинде дарылатыш керек деп бошотуп жиберди. Азыр бул иш боюнча Ош облустук сотунда териштирүү жүрүп жатат», — деген Анипа Осорова президент Садыр Жапаровдон, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден ишти көзөмөлгө алууну суранды.

Пример HTML-страницы

Маркумдун досу, айылдашы Амат Бердиев облустук сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырса, Жогорку сотко даттануу келтириле турганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️