Өзгөндө сел жүрүп, «Кара-Шоро» паркына эс алууга барган 100 адам эвакуацияланды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунда сел жүргөн кооптуу аймактан 100 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 22-июнда болжол менен саат 19:00 чамасында Мырза-Аке—Кара-Шоро жолунун 47-50-чакырымында жолдун тескей тарабынан кыян түшүп, натыйжасында жол каттамы жабылган.

Учурда Өзгөн райондук жарандык коргонуу кызматынын штабы түзүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө.

Жерине атайын техника, коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык кызмат, жол тейлөө кызматы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Э.Мусаев иш алып барууда.

23-июнь күнү сел кырсыгынан улам «Кара-Шоро» улуттук паркына эс алууга барып, өтө албай калган 100 адам куткаруучулар жана жол тейлөө кызматы тарабынан коопсуз жайга эвакуацияланды.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Төмөнкү аймактарда нөшөрлөгөн жамгыр жаамак:

— Баткен облусунун Кадамжай районунда

— Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон райондорунда

— Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда

— Чүй облусунун Жайыл районунда.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️