Өзгөндө медайымдын үйү өрттөнүп кетип, айылдаштары жаңы там салуу үчүн акча топтоп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Мырза-Аке айылында жалгыз бой аялдын үйү толугу менен күйүп кетип, ага айылдаштары үйдү кайра тургузууга жардам берип жатат.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар кыш келгенге чейин ага 2 бөлмөлүү үй куруп берүүнү көздөп жатат.

Үйү толугу менен күйүп кеткен Алтынкыз Золуева Мырза-Аке айылында медайым болуп эмгектенет.

«Бул үй каза болуп калган эжемдин кароосуз үйү болчу. Бирок 2 бөлмөсүнө бүт шартты түзүп, кирип жашап жүргөм. Ошол күнү электр тогу өчүп жанып жаткан экен. ӨКМдин айтуусу боюнча да өрт электр зымдарынан чыгыптыр. Азыр эми убактылуу кошунамдын үйүндө жашап жатам. Үйдөгү бүт кийим-кече, буюм-тайымдар күйүп кетиптир. Азыр айылдаштар аздыр-көптүр жардам берип жатышат», — Алтынкыз Золуева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️