Пример HTML-страницы

Өзгөндө Курман айттын урматына эки имамга ат мингизип, унаа белекке беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында имамдарга унаа, ат белекке берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, белек Курман айт майрамына карата тапшырылды. Обком участкасында да майрам белгиленип, жаш балдарга таттуулар, балмуздак таратылды. Ошондой эле жаштар арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп жатат.

Аталган тилкеде 18 жыл имам болгон тургунга жаштар токулуу ат мингизишкен. Ал эми жаңы имам Нурали Мырзакуловго унаа белек кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE