Пример HTML-страницы

Өзгөндө 63 жаштагы тургун унаа сүзгөндөн кийин ооруканага түшкөн. Айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл айылында 63 жаштагы жаранды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-майда саат 04:50 чамасында Ана-Кызыл айылында 1961-жылы туулган М.Ч.ны унаа сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында Өзгөн РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан айдоочу — 1981-жылы туулган Н.А. шектүү катары кармалды. Ал Өзгөн районунун Чаңгет айылынын тургуну, бирок унаасын Кара-Дыйкан айылындагы үйгө бекитип койгон.

Унаа айып короого токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE