Turmush — «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунуна караштуу Сары-Камыш айылынын 22 жаштагы тургуну Камчыбек кызы Брилианда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Башка кыздардан өзгөчөлөнүп турсун деп, атымды таежем койгон. Мектепте А.Жумабаева аттуу мугалимим: “Таштар көп, ал эми баалуу таштар аз. Кымбат дагы бул өзгөчөлүктүн, баалуулуктун белгиси” дейт эле. Атымды биринчи ирет уккандар таң калып, кайра-кайра сурашып, чечмеленишин айтып берүүмдү өтүнүшөт. Айрымдары ташамалап, “сен бриллиант болсоң, жолдошуң алмаз болот го” деп тамашалап калышчу. Айткандай эле жолдошумдун аты Алмаз болуп чыкты (күлүп). Атам бизди баалуу таштар үй-бүлөсү деп коёт.
Жолдошум менен жаңы таанышканда атымды айтсам, “жөн эле экиленип жатса керек” деп ойлоптур. Биздин үйлөнүү тоюбузда ысымдарыбыз “Алмаз менен Брилианда” деп жазылып турса, “чын элеби?” деп сурагандар көп болуптур», – деди ал.
Анын айтымында, ысымын жаттай албагандар көп болгон.
«Менин төрөлгөнүмө 2,3 ай болгондо, апам конокко барса, “атын ким койдуңар?” деп сурашат. Апам: “атын Брилианда койдук” деп айтса, “ай оң ат койбойсуңарбы, Веранда деген да ат болмок беле” дешиптир. Студент кезимде эже-агайларым атымды айта албай, “Гаухар, Бригантина, Гирлянда беле” деп жатып, араң жатташат эле.
Үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусумун, 2 агам жана 2 сиңдим бар. Алардын ысымдары — Курманбек, Жаныбек, Айгерим жана Адеми. Бош убактымда кайненем менен оюнчук, гүл тигем. Азыркы тапта декреттик өргүүдөмүн. Хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштегем. Бир жыл мурун турмуш жолуна аттанганам. Учурда 1 кыздын энесимин», – деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.