Пример HTML-страницы

Өзгөчө балдарды үйдө окуткан сузактык мугалим Тургунбү Ибрагимованын тажрыйбасы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Тургунбү Ибрагимова 37 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Ал Тurmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде иш тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Каарманыбыз аталган айылдагы Ырыскулбек Чанаков мектебинин мугалими. Мектептин базасында 13 жылдан бери өзгөчө балдарды чогултуп, үйдө окутууну колго алып келет.

Айыл жашоочусу Мунарбек Нурдинов 13 жыл өзгөчө балдардын окуусуна шарт түзүп берген. Жубайы Гүлай айым балдарга кошумча тамак берип келген. Аталган үй-бүлө балдарга көмөгүн аяган эмес. Алар жашоо шартка байланыштуу миграцияга кетишкен. Буга байланыштуу 1 жыл мурун Иманберди Жанбалаев аттуу жаран үйүнүн бир бөлмөсүн балдар үчүн бөлүп берген. Анын жубайы Махсуда Хасимова да балдарга түрдүү даамдарды бышырып, чайын даярдап турат. Мектептен да балдар үчүн тамак-аш алынып келет. Алар билим уяда өткөн ар түрдүү оюн-зоокторго, концерттик программаларга да тартылат.

Тургунбү Ибрагимова 26 жыл башталгыч класстарга сабак берсе, 11 жылдан бери айылдагы өзгөчө балдарды окутууда. Үйдө 3 окуучу билим алса, бири быйыл мектепти бүтүп жатат. Ал эми калган 2 окуучунун бири 2-классты, бири 5-классты бүтүрүүдө. 3 окуучунун ар биринин өздөрүнүн журналы бар, ар биринин класстарына жараша сабак өтөт. Маселен, бир учурда кыргыз тил сабагы өтүлсө, балдардын классына жараша китептер, жашына жараша мамиле болот. Биринин жаттоосу, кабыл алуусу кеч болсо, бири матетамика сабагын жакшы окуйт.

«Биздин мектепте 2009-2010-окуу жылында Абдыманап деген агайдын салымы менен тиешелүү билим берүү тармагынан өзгөчө балдарды үйгө окутууга уруксат алган. Ошондон бери өзгөчө балдар үйдө окутулуп келе жатам. Бул балдарды окутууну мага сунуштап калышты, ошону менен иштеп калгам. Үйдө окутуунун өзгөчөлүгү, үйдө окууга туура келген балдар да кадимкидей окууга бараткандай сезим менен мектеп формасын кийип келишет. Окууга барам деген ой болот. Анан да балдар менен аралашканда окууга болгон кызыгуусу, аракеттенүүсү күчөйт. Үйлөрүндө болсо окугандай маанайда да болушпай, көңүл кош мамиледе окушат. Мен ушул айырмачылыкты байкадым. Буга чейин үйдө окутуу ыкмасында 4 окуучу бүттү, төртөө тең адистикке ээ болушканы биздин чоң ийгилик деп түшүнөм. Бири программист адистигин бүттү, ал биздин балдарга да өз каалоосу менен үйрөтөм деп жүрөт», — деди ал.

Үй шартында окутууну өзгөчө балдардын ата-энелери да колдошот. Анткени өзгөчө балдардын айрымдары көп ызы-чуу болгон жерге барбоосу керек болот. Айрымдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен балдарга аралашуусу кыйын. Сабакта отурганда ооруп калышы мүмкүн. Мындай учурда мугалими дары берет.

«Мурдагы 4 окуучум менен менен байланыш бар. Азыр 3 окуучум болсо, чынында баарына байланып калам. Тигил кантип жатты экен деп, ооруп калса, сакайып кеткиче жүрөктө турат. Өз балдарыңдай эле ойлоносуң. Үчөө бири-бирин көп көрбөй калышса, кадимкидей сагынышат. Бири-бирин жоктоп, бири-биринен кабар алып турушат. Өзгөчө балдар мээримдүү, боорукер болушат. Алардан ушундай бир тазалыкты аласың. Кээ бирде маанайлары жок болсо, сабакка таптакыр көңүл бөлбөй коет. Андайда сүрөт же музыка сабактарына алмаштырып турам. Билим берүү министрлигинин өзгөчө балдарды окутууга бекиткен программасына ылайык билим берип жатам», — дейт мугалим.

Ы.Чанаков атындагы орто билим берүүчү мектебинин директору Бусара Калмурзаеванын айтымында, өзгөчө балдардын ата-энелери менен келишим түзүлүп, иш алып барылат.

«Мектеп мугалимдеринин кеңешмесинде өзгөчө балдарды окутуу боюнча да каралып, биргеликте чечим кабыл алабыз. Балдарды окуткан Тургунбү эжекебиз да өзү изденип, чыгармачылык менен көргөзмө куралдары менен балдарды окууга кызыктырып тартат. Кызыл-Туу айыл өкмөтүбүзгө да кайрылып, компьютер, сыналгы сыяктуу жабдыктар алынды. Атайын комиссия келгенде да эжекенин тажрыйбасын мыкты деп таап кетишти. Жыйында эжекенин окутуу ыкмасын районго жайылтуу сунушу да айтылганы бизди кубандырды», — деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE