Өзбекстандан сөөгү табылган кара-суулук аял 7 баланын энеси болгон

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨзбекстандын Андижан шаарындагы сайдан жансыз денеси табылган келинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын башчысы Нурмамат Тогузеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 17-июль күнү саат 11:00гө маркумдун тажыясы белгиленген.

«Бул үй-бүлө 2008-жылы болуш керек, Тээке айылынан көчүрмө болуп, биздин айылдын Тээке участкасына көчүп келген. Маркум аялдын жолдошу Орусияга барып келип иштеп жүрчү. Бул аял өзү базарда соода кылат эле. Жубайлардын 7 баласы бар», — деди Н. Тогузеков.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Оштогу селге агып кеткен 1985-жылы туулган Б.А. аттуу келиндин сөөгү кечээ, 16-июлда Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылганын жазган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 14-июль күнү Ош шаарындагы борбордук базардан селге агып кеткен. Өзбек куткаруучулары Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде издөө иштерин жүргүзүшкөн.

2024-жылдын 15-июлунда Министерлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы борбордук базарда эл менен жолугушуу учурунда ага селде агып кеткен аялын издеп жүргөн адам жардам сурап кайрылган. Ал аялын таап алганча, издөө иштери аяктаганга чейин каналдагы суулардын деңгээлин азайтып турууну суранган.

Пример HTML-страницы

Акылбек Жапаров Папан суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүп кеткендиктен агып чыккан сууну токтотуп турууга мүмкүн болбой жатканын айткан.

«Мен азыр Папан суу сактагычын карап келдим. 204 млн куб метр болуп кетиптир. Долбоору боюнча 240 миллион кубга чейин суу батат экен. Андан бери канча жыл өттү. 204-210 куб менен дээрлик толуп калат. Бирок биз аракет кылабыз. Сабыр кылыңыз», — деген Акылбек Жапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️