Өзбекстандан 200 тонна гуманитардык жардам келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-июлда Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам жеткирилди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, гуманитардык жардамды Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахмонов коштоп келди. Өзбекстандын өкмөтү 200 тонна гумжардам жөнөттү. Анын арасында кийим-кече, тамак-аш, гигиеаналык каражаттар жана курулуш материалдары бар.

«Бул жардамды өзбек элинен жана өлкө башчынын атынан деп билиңиздер», — деди Шухратбек Абдурахманов.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдрахмановду жана гуманитардык жардамды «Достук» чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Селден жабыркаган жарандарга келген гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Жалпы 200 тонналык гуманитардык жардам курулуш материалдар, кийим-кечек, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн турат.

Пример HTML-страницы

Шоятбек Абдурахманов «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

———————————————

2024-жылдын 14-июлунда тоолордон аккан сел Ош шаарын жана Кара-Суу районунун каптады.

Катуу селден улам Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Ак-Буура дарыясынын суусу нугунан ашып кеткен. Жергиликтүү тургундар көп жылдардан бери дарыядагы суу мынчалык көбөйбөгөнүн айтышты. Сел Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайынан, Озгур айылындагы «Борубай-Ата» эс алуу жайынан түшкөн. Бул учурда ал жерлерде эс алуучулар болгон.

Ош шаарында селге агып кеткен 4 жарандын жансыз денеси табылды. Каза болон 4 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Тактап айтканда, апасы жана анын 3 кызы. Дагы бир жаран — 39 жаштагы аял киши изделип жатат.

Ошондой эле селдин кеспетинен Ош шаарында жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак үйлөр, социалдык объектилер, жолдор жабыркады.

Мындан тышкары ондогон унааларга зыян келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️