Өзбекстан курамасы тажикстандык оюнчуларды жеңди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-июлда Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын арасында Борбор Азия чемпионатынын (CAFA U-20 Championship 2024 турнири) алкагында Өзбекстан курамасы менен Тажикстан курамасы кез келди. Жыйынтыгында Өзбекстандын курамасы 3:0 эсебинде жеңишке жетти.

Эки команда тең өз тайпаларында экинчи орунду алышкан. Аталган тайпалардан биринчи орун менен чыккан Кыргызстан менен Иран биринчи орун үчүн ойношот.

Биринчи таймдын башында эле өзбек курамасы эсепти ачууга жетишти. Тактап айтканда, биринчи таймдын 3-мүнөтүндө Тажикстандын коргоочусу топту дарбазачыга ашырып берем деп, буту тайып кетти. Натыйжада топ Өзбекстандын чабуулчусу Бехруз Абдылдаевге тийип, ал эсепти ачты. Аны менен катар биринчи таймда эки курама тең кооптуу учурларды жараткан менен гол болгон жок.

Экинчи таймды өзбек курамасы кооптуу баштады. 53-мүнөттө өзбекстандыктар бурчтан топту киргизүү укугуна ээ болушту. Натыйжада Өзбекстандын №8 оюнчусу Бехруз Шүкүруллаев эсепти эки эселентти.

Оюндун 60-мүнөтүндө өзбек курамасы айып соккусун чыгаруу укугуна ээ болду. Айып аянтчадан чыгарылган топту №14 оюнчу Шадиер Шадибаев алып, гол киргизип, эсепти ирилентти. Арадан көп убакыт өтпөй өзбек курамасынын капитаны Алижон Бекмуратов атаандашына карата орой ойногондугу үчүн экинчи сары айып кагазын алып, оюндан чыкты.

Пример HTML-страницы

Оюндун калган бөлүгүн Өзбекстан курамасы бир футболчуга аз ойноду. Бир оюнчугу көп ойногон тажик курамасы канчалык көп чабуулдарды жасаганы менен Өзбекстандын дарбазасына жол таба алган жок.

Футбол боюнча 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын куралган курамалардын Борбор Азия чемпионаты 5-июлда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда башталган. Чүчүкулактын натыйжасында Кыргызстан курамасы Тажикстан, Ооганстан курамасы менен чогуу «А» тайпасында жайгашкан. «В» тайпасында Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан курамалары орун алган.

Тайпалык оюндардын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстанды 4:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен тең ойногон. Натыйжада 4 упай жана голдордун айырмачылыгы менен кыргыз курамасы тайпадан биринчи орун, Тажикстан экинчи орун менен чыккан.

«В» тайпасында Иран биринчи орунду, Өзбекстан экинчи орунду алган.

Жыйынтыгында бул чемпионаттын финалына Кыргызстан менен Иран чыкса, 3-орун үчүн Өзбекстан менен Тажикстан курамалары ойномок болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️