Пример HTML-страницы

Өзбек тарап Кыргызстан менен чектешкен жердеги дубалды бузду

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Бек-Абад—Ханабад» өткөрмө пунктунда өзбек тарап дубалын бузду. Бул тууралуу Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылынын жашоочулары билдирди.

Жергиликтүү тургундар эми коңшу Өзбекстан Республикасында жашаган туугандары менен каттоодо женилдик болорун айтышты.

«Жакын турган туугандарыбызга Оштогу «Достук» бекетине барып өтүп, айланып келчү элек. 2 чакырымдай жерде турган тууганыбыз менен учурашуу убайымы көп болчу. Бул пункттун ачылышын биз да, аркы тараптагы туугандар да чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. 3-4 күн мурун өзбек тарап өздөрү курган дубалды бузушту. Азыр курулуш иши жүрүп жатканын байкоого болот. Эки өлкөнүн элине жакшы мүмкүнчүлүк болот», — деди алар.

Turmush 2022-жылдын ноябрь айынын аягында «Бек-Абад» көзөмөл-өткөрмө бекети оңдолуп жатканын жазган.

Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы «Бек-Абад» көзөмөл-өткөрмө бекети Өзбекстан Республикасы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Бекетти оңдоп-түзөө үчүн мамлекеттен жалпы 3 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Оңдоо иштерин декабрь айына чейин бүткөрүү пландалып жаткан.

Жалал-Абад облусунда кыргыз-өзбек чек аралары чектешкен жерде эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү пост иштеп жатат. Алар: Ноокен районундагы «Маданият» бекети менен Ала-Бука районундагы «Баймак» өткөрмө бекети.

Президент Садыр Жапаров «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койгонун кечээ, 29-ноябрда басма сөз кызматы кабарлаган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган. Ал 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоону сунуштайт.

2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE