Өзүнүн баласын өлтүрүп коюп арак ичкен: Баткендеги аялдын чак түштөгү кылмышы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот Кадамжай районунда баласын өлтүргөн аялга карата 2024-жылдын 13-майында өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

  • Айыпталуучу Эндженур (аты өзгөртүлдү К.Э.А.) Ош облусунда төрөлгөн. Кыргызстандын жараны. Жогорку билимдүү, мурда соттолгон эмес.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Эндженур 2023-жылы 16-августта саат 14:00 чамасында Кадамжай районундагы батирлердин биринде арак ичип отуруп, өзүнүн баласы Дмитрийди (аты өзгөртүлдү Г.Д.) бычак менен көкүрөккө сайып жиберген. Андан кийин аны залга сүйрөп кирип, полго жаткырып койгон. Баласы алган жаракатынан улам каза болгон.

Эндженур эмне деген?

Эндженур 2023-жылы 17-августта кылмышка шектүү катары берген көрсөтмөсүндө окуянын чоо-жайын айтып берген. Ал 16-август күнү Юлдаштын (аты өзгөртүлдү Ю.М.) батиринде баласы, өзү жана Юлдаш болуп арак ичип отурушкан. Ошол учурда баласы Дмитрий экөө уруша кетишкен. Себеби Дмитрий аны сөгүп, чатак чыккан. Ал аны коркутуп коюш үчүн бычак менен сайып жиберген. Андан кийин керебетке жаткыруу үчүн кошуна бөлмөгө сүйрөп барган. Бирок күчү жетпей, полго таштап коюп, кайра арак ичиш үчүн ашканага кирип кеткен. Ошол учурда Юлдаш аны көрүп, Дмитрий кан болуп жатканын айтып кыйкырган. Дмитрий болсо кыймылсыз жаткан. Коркуп кетип Юлдаштан Дмитрийге таза футболка кийгизүүгө жардам сураган. Кан болуп калган футболкасын кладовкага алып барып коюп, тез жардам чакыртышкан.

Юлдаш эмне дейт?

Пример HTML-страницы

Юлдаш күбө катары суралып, Эндженур баласы Дмитрий экөө анын батиринде ижарачы катары жашап келишкенин айткан. Алар дайыма арак ичип, өз ара чатакташып турушчу. Ошол күнү ал бөлмөсүнө уктап калган. Тургандан кийин полдо Дмитрий кан болуп жатканын көргөн. Анын кан тамыры сокпой калганын көрүп, телефон менен тез жардам жана милиция чакырган.

Кадамжай райондук сотунун өкүмү:

Кадамжай райондук соту 2023-жылдын 3-ноябрында Эндженурду Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен айыптуу деп таап, 9 жылга эркиндигинен ажыраткан. Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине (алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдарды дарылоо ) ылайык жаза өтөгөн жеринде аракечтиктен мажбурлап дарылоо дайындалган.

Баткен облустук сотунун өкүмү:

Эндженур райондук соттун өкүмүнө макул болбой, Баткен облустук сотуна апелляциялык даттануу келтирген. Баткен облустук соту 2024-жылы 12-февралында иштин материалдарын карап чыгып, Кадамжай райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Эндженур облустук соттун өкүмүнө да каршылык келтирип, Жогорку сотко кайрылган.

Жогорку соттун өкүмү:

Жогорку сот 2024-жылдын 13-майында иштин материалдарын карап чыгып, Кадамжай райондук сотунун 2023-жылдын 3-ноябрындагы жана Баткен облустук соту 2024-жылы 12-февралындагы өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Токтом акыркы, даттануу жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️