Пример HTML-страницы

Өспүрүм кыздын колу станокко чайналып, бешиктеги ымыркай эки бутунан айрылган. Дарыгердин баяны

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush71 жаштагы Толибжон Маматякубов 48 жылдан бери Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар сынык-жараат бөлүмүндө эмгектенип келет. Ал Тurmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.

Каарманыбыз атасына калп айтып, медициналык окуу жайга тапшырып алганын унутпайт.

«Өзүм Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караган Күмүш-Азиз айылынан болом. 1954-жылы колхозчунун үй-бүлөсүндө туулгам. 1971-жылы мектепти аяктагам, эмнегедир атам ошол кезде менин мугалим болуумду самачу. Анткени мектепте математика сабагын жакшы өздөштүрчүм. Жогорку окуу жайга тапшырганы бара жатканда да «математика адистигине тапшыр деп» катуу табыштап жөнөткөн. Бирок мен атама калп айтып, Жалал-Абаддагы медициналык институтка тапшырып, педиатрия адистигине кабыл алындым.

Кийинчерээк атам да менин кесибимди колдоду. 1976-жылы окуу жайды аяктап, бир жыл Ош облустук бейтапканасында ординатурамды өтөдүм. 1978-1985-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук бейтапканасынын сынык-жараат бөлүмүнө ишке кирдим. Ал кезде бейтапканада балдар жана чоңдор бөлүмү бирге болчу. Өкүнүчтүүсү, бул бөлүмдө балдарга анчейин деле маани берилбей калчу. Ошол кезде мен баш болуп, дагы бир нече дарыгерлер Саламаттыкты сактоо министрлигине балдар сынык-жараат бөлүмүн өз алдынча кылып бөлөлү деп сунуштап жатып, 40 койкалуу балдар бөлүмүн ишке киргиздик. 1985-жылы балдар сынык-жараат бөлүмүн ачып, ал жерде бөлүм башчы болуп 1998-жылга чейин иштедим», — дейт ал.

Толибжон Маматякубов сынык-жараат бөлүмүндө жумуш оор болгону менен бир чети кызыктуу экенин айтып, 48 жылдык тажрыйбасында эсте калган окуяларга токтолду.

«Негизи сынык-жараат бөлүмүндө иштөө абдан оор. Азыркы учурда кайрылган бейтаптардын саны өтө эле көп. Сөзүм куру болбошу үчүн бизде ушул тапта 24 саат бою иштеген балдар травмпункта иштейт. Ал жерге суткасына 40-45 бала кайрылат. Бүгүн эртең менентен бери 20-25 бала кайрылды. Алардын баары колун же бутун кокустатып чыгарып же сындырып алгандар. Негизи каникул учурунда балдардын колу-бутун кокустатып алган учурлар көбөйөт.

Эми эсте калган окуялардан айтайын. Союз мезгилинде Жалал-Абадда нан азыктарын даярдоочу жай иштечү. Ал жерде 17 жаштагы өспүрүм кыз да иштеп жатып, жумуш учурунда кокустук болуп, анын колу чыканагына чейин камыр жасалчу станокко кирип кетип, станоктун цеби чайнап калыптыр. Ошол замат бизге тез жардамдан чалуу түштү. Травматологду чакырып, кыздын абалы оор экенин айтышты. Окуя болгон жерге барсак, чынында абал оор болчу, кыздын колун станоктон чыгарууга мүмкүчүлүк жок же станокту талкалай албайбыз. Айла жок анестезиолог адистерди ошол жерге чакырып, наркоз берип, кыздын колун чыканагынан кесүүгө туура келди. Ошентип аргасыздан кыздын колун кестик.

Дагы бир окуя эске түштү. Бир күнү иште нөөмөттө турсам, туулганына 20 күн болгон наристени алып келишти. Анын тизесинен ылдыйы күйүп кетиптир. Көрсө, ымыркайдын апасы аны бешикке бөлөп, 5 жаштагы эжесине дайындап, өзү сыртта кир жууп жүрө бериптир. Үйдө паластан өрт чыгып, ал бешикке жетип, бешик да өрттөнүп кетиптир, баланын тизесинен ылдыйы күйгөн. Ошол замат дарыгерлер менен кеңешме өткөрүп, баланын өмүрүн сактап калуу үчүн анын эки бутун тең кесүүгө туура келген. Азыр ал бала 28-29 жашка чыгып калды, жашап жатат», — дейт дарыгер.

Анын айтымында, облустук ооруканада 5 балдар травматологу бар. Акыркы мезгилде балдар катышкан жол кырсыктары жана ар кандай мушташтар көбөйдү. Мындан улам балдар нейрохирургия бөлүмүн ачууга зарылчылык жогору.

Толибжон Маматякубов учурда 71 жашта, анын 4 баласы, 16 небереси жана 7 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE