ОшТУнун студенттери Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалашты

TurmushОш технологиялык университетинде «Тазалык» акциясы уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишембиликке окуу жайдын активдүү студенттери катышып, Ак-Буура дарыясынын жээгин жана окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты. Ишембиликтен топтолгон ар кандай калдыктар таштанды таштоочу жайга «Ош-Тазалык» ишканасы менен биргеликте жеткирилди.

ОшТУда тазалык акциялары жыл сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️