Пример HTML-страницы

ОшТУнун корей борборунда бүтүрүү аземи өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинин «Седжон Хагдан» корей борборунда 2024-жылдын жазгы семестри аякталып, бүтүрүү аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев, борбордун окутуучулары жана студенттери катышты. Бүтүрүү аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери жаңырды. Борбордо башталгыч корей тил курсуна Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар келип жазылышкан.

«Седжон Хагдан» корей борбору күзгү семестрге жаңы студенттерди, окуучуларды 2024-жылдын 12-августунан кабыл алууну баштайт.

Ош технологиялык университетинде 2008-жылы корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE