Пример HTML-страницы

ОшТУнун делегациясы Казак улуттук агрардык изилдөө университетине барды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университети менен Казак улуттук агрардык изилдөө университети (КазУАИУ) арасында түзүлгөн келишимге ылайык, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын 4 магистри, 2 профессордук-окутуучулук курамы эл аралык «Жайкы мектеп-2024» аттуу иш-чарага барып, квалификациясын жогорулатып келишти.

Аталган иш-чарага АКШ, Малайзия, Кытай, Германия, Польша, Румыния, Түркия, Россия, Белоруссия, Кыргызстан, Өзбекстандан 400дөн ашуун өкүлдөрү катышты.

Жайкы мектептин программасына ылайык, биотехнология жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы алдыңкы эксперттердин лекциялары, ошондой эле практикалык мастер-класстар жана илимий мекемелерге экскурсиялар уюштурулду. Катышуучулар илимий-изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелерин талкуулап, тажрыйба алмашып, билимдерин тереңдетип келишти.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Ирматова Ж.К. лекция окуду.

«Жайкы мектеп-2024» аттуу иш-чаранын максаты жаңы билимди, практикалык көндүмдөрдү, инновациялык технологияларды жана илимий изилдөө ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.

ОшТУдан барган делегация 72 сааттык квалификация жогорулатуу курсуна, эл аралык спорт оюндарына активдүү катышып, жыйынтыгында диплом, сертификаттар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE