Пример HTML-страницы

ОшТУнун базасында Кытай илимдер академиясынын Синьцзян институту маалымат технологиялары лабораториясын ачат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университети менен Кытайдагы Кытай илимдер академиясынын Синьцзян техникалык физика жана химия институтунун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Жолугушуу онлайн режимде өттү. Ага Ош технологиялык университети тараптан ректор, профессор Жанболот Турсунбаев, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор А.Т.Акматалиев, Кытай борборунун башчысы Ян Сяофын, котормочу Б.Абдурасулова жана кытай тараптан аталган институттун расмий өкүлү Чжоу Си жана көп тилдүү маалымат технологияларды изилдөө бөлүмүнүн директору Ван Лей, профессор Донг Жуй, эл аралык кызматташтык боюнча жетекчи Чжан Цзюнь катышты.

Кол коюу аземинин соңунда тараптар магистратура, докторантура жана аспирантурада жаш окумуштууларды биргелешип даярдоого, илимий багытта тажрыйба алмашууга, инновациялык долбоорлорду бирге иш жүзүнө ашырууга, ОшТУнун базасында маалымат технологиялары лабораториясын ачууга макулдашты жана материалдык-техникалык базаны кеңейтүү туурасында бир пикирге келишти.

Иш-чара ОшТУнун демилгеси менен өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE