Оштун тургуну Россияда иштеп жүргөн жолдошу каза болгондон кийин үйүнөн кол жууганын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын тургуну Манзура Хайдаралиева үйүнөн кол жууганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жолдошу Россияда иштеп жүрүп каза болгондон кийин анын атындагы үй кайын инисине өткөнүн сотко кайрылгандан кийин билген. Ал президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылды.

«Кайнатам менен кайненем көзү тирүүсүндө үйлөрүн бизге өткөрүп беришкен. Кийин ошол үйдү кайрадан жакшылап салуу үчүн Россияга иштегени кеттик. Жакшы жашап, жакшы иштеп жүрдүк. 2022-жылы Россияда жолдошум каза болуп калды. Аны Ошко алып келип көмдүк. Кийин жолдошумдун иниси бизге үйдөн чыгышыбыз керектигин айтты. Бул маселе боюнча сотко кайрылдым. Үй жолдошумдун инисинин атына өтүп кеткенин сотко кайрылганда билдим. 2 жылдан бери сот иштери жүрдү. Эксперттердин чечими биздин пайдабызга чыкты. Бирок прокуратура, сот алардын пайдасына чыгарып койду.

Убакыт өтүп, ооруканага жатып калдым. Ооруканада жатсам, укук коргоо органдары, сот аткаруучулар келип, балдарымды үйдөн чыгарып жиберишиптир. Ушул маселе боюнча президентке кайрылам. Менин маселемди чечип берүүсүн суранам», — деди ал.

Ал ошондой эле балдарын үйдөн чыгарып жаткан учурда укук коргоо органдары 10 жана 18 жаштагы балдар кайда жашарын социалдык коргоо башкармалыгынан тактабай туруп эле чыгарып жибергенин кошумчалады.

Пример HTML-страницы

Ал эми Манзура Хайдаралиеванын мыйзамдуу өкүлү Саидолимхон Расаходжаев буларга токтолду.

«Бул маселе боюнча кыскачы айта турган болсом, 2016-жылы 13-июнь күнү М.И.С. апасынын атындагы үйдү апасы ооруп жаткандыгынан пайдаланып, жеке нотариустан жасалма кол аркылуу өзүнүн атына өткөрүп алган. Жасалма кол коюлгандыгы экспертизанын жыйынтыгы менен аныкталган. «Бул Мамажанова Халимахондун колу эмес» деп чыккан. Укук коргоо органдары эч бир тарапты сурабай, иш козгобой эле, ишти өндүрүштөн кыскартып койгон. Ош шаардык, облустук жана Жогорку соттон экинчи тараптын пайдасына чечилген. Бирок кол жасалмалоосу экспертиза тараптан аныкталса да, соттун чечимдерине бул жагдай эч кандай таасир бере алган эмес. Соттун чечимдери сырттан эле чыгарылган.

Менин ишенимимдеги Хайдаралиева билген эмес. Ош шаардык сотуна аткаруу барагы келген. Сот аткаруучулар шашылыш түрдө келип, бул аялдын балдарын үйдөн чыгарып жиберген. Мында сот аткаруучулар да мыйзамды бузган. Анткени эженин жактоочусу жашы жете элек балдары бар экенин кабарлаганына карабай, үйдөн чыгарып жиберишкен. Талап боюнча сот аткаруучулар жашы жете элек балдар болсо, мамлекеттик органга кабарлап, эженин өзүнө кат менен кайрылып, баарын тактагандан соң гана ишке киришиш керек болчу. Алар эжеге эскертпей туруп, шашылыш түрдө чыгарып салып жатышат. Дагы башка толтура туура эмес жасалган иштер бар. Ошондуктан бул иш адилеттүү чечилишин суранабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️