Пример HTML-страницы

Оштун тургуну 45 миң доллар чыгымга учурап, «Тойотадан» кол жууганын айтып чыкты. Окуянын жагдайлары (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын жашоочусу Алмаз Жунусов өзүнүн унаасын өзү ала албай жатканын, жалпы 45 миң долларын алдатканын айтып чыкты.

Алмаз Жунусов бул маселе терең териштирилбей жатканына нааразы болуп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден өз көзөмөлүнө алуусун суранды.

«4 айдан бери алдамчылардын айынан өзүмдүн «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унаамды ала албай келем. Окуя мындай болгон. Өзүм унаа алып келип сатып, иш кылам. 17 миң долларлык «Тойота Приус» унаасын оңдотууга А.А. аттуу тааныш устага алып баргам. Көп жылдан бери тааныш болгондуктан унаа оңдотуп жүргөм. Ал мага «акча берсеңиз көбөйтүп берем» деп калды. 19 миң долларды 2-3 ай чындыгында бир аздан көбөйтүп берип жүрдү. Андан соң унааны бирөөгө каттатыш керек болуп, аялым кош бойлуу болгондуктан төрөп калса, кийин кайра өткөрүүгө катыша албай калат деп устага айтсам, ал шакиртин көрсөтүп калды. Аны менен сүйлөшүп, «сатсаң да айт» деп өткөрүп бергем», — дейт ал.

Алмаз Жунусов А.А. аттуу уста Түркияга качып кетип, же акчасын, же унаасын ала албай калганын белгиледи. «Тойота Приус» үлгүсүндөгү автоунааны 4 адам бири-бирине сатып отуруп, бүгүнкү күндө унаа мурдагы милиция кызматкеринде калганын кошумчалады.

«Унаам колдон колго өткөн. Менден алган уста шакиртине, шакирти дагы бир жаранга, ал жаран башка бирөөнө өткөргөн. Акыркы жолу унаам мурдагы милиция кызматкеринде калган. Ал 12,5 миң АКШ долларына сатып алганын айтты. Негизи тергөөдө бири-биринен алып саткандардын көрсөтмөлөрү дал келбей жатат. Бирөөсү күнүн, бирөөсү акчасын туура эмес айтып жатышат. Азыркы күндө бар дүйнөмдөн айрылдым», — деди Жунусов.

Азырынча милиция окуя боюнча комментарий бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE