Оштун шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова кызматтан кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushОштун мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова кызматтан өз арызы менен кетти. Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Канышай Имарова 27-август күнү арыз жазган. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Бакытбек Жетигенов кол койгон. Учурда анын ордуна эч ким келе элек.

Имарова аталган кызматка 2024-жылдын май айында дайындалган. Ага чейин Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп келген.

Канышай Имаровага Ош шаардык прокуратурасы жаңы сатып алынган төрт эвакуатор боюнча иш козгогон. Кийин шаардык сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча күнөөлүү деп таап, 1 миллион 100 миң сом айып салган. 28-августта облустук сот шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️