Оштун мурунку вице-мэри Жасур Азимов кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын мурунку вице-мэри Жасур Азимов кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Жасур Азимов УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 20-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

«Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен шектүү А.Ж.М. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалды»,- деп айтылат маалыматта.

Жасур Азимов 2018-жылдын 16-октябрында Ош шаарынын муниципалдык менчик жана курулуш тармагын тескеген вице-мэри болуп дайындалган.

Пример HTML-страницы

Ал эми 2023-жылдын 5-апрелинде кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️