Оштун аймактарындагы катуу селден кийин 40тан ашык үй авариялык абалга кептелген. Акимдерге тапшырма берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунда 2 адамга чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев район акимдеринин катышуусунда өткөн онлайн жыйында билдирди.

Жыйын Ош облусунун аймагындагы кооптуу аймактарды көөмөлдөө, селдин кесепеттерин жоюу маселелерине арналган.

«Тиешелүү райондук малекеттик администрация башчылары, силерге бул тапшырмалар барган. Тийиштүү тапшырмаларды аткарып, бизге берген экенсиңер, эми ушунун аткарылышын көзөмөлдөгүлө. Биринчиден, ушул жылдын башынан бери табигый кырсыктын айынан каза болгон адамдардын санын айттыңар. Аларга 1 млн сомдон жардам берилип жатат. Тилекке каршы чагылгандан каза болгон эки адам бар экен. Аны өзүңөр билесиңер кайсы райондо экенин, аларды тизмеге киргизип койгула», — деди ал.

Ошондой эле облус башчысы мамлекет тарабынан селден жабыркаган үй-бүлөлөргө бериле турган акчаны көзөмөлдөп, райондордогу заводдор менен сүйлөшүп, курулуш материалдарын арзандатууну акимдерге тапшырды.

«Авариялык абалдагы үйлөрдүн саны 40тан ашып кетти. Алардын көбү Кара-Сууда, Ноокатта жайгашкан. Өзгөн районунда бар деп берген экенсиңер. Мына ошол үйлөргө бөлүнгөн каражаттарды жаран үй салып бүткөнчө сиздер көзөмөлгө алышыңар керек. Облустун аймагындагы айрым райондордо цемент чыгат, цементти арзаныраак баада даректүү жана так жеткирип бергенди уюштуруп берсеңиздер. Бүгүнкү күндө канча үй-бүлөгө жардам берилип жатат, аларга бөлүнгөн акчаны көзөмөлдөп, жарандар менен түз байланышта болуп, арзан цементти сүйлөшүп берсеңиз, алар ошол жардам катары берилген акча менен сатып алышса болот. Бир гана нерсе, арзаныраак жана жерине цемент бара тургандай кылып уюштуруп бериңиздер.

Пример HTML-страницы

Бизде кыш чыгарган заводдор бар, кышты да жеткиликтүү баада кылып, алып берсек, 1 млн сомго көп нерсе жасалып калат эле. Облуста кандай гана материалдар чыгат, туурабы? Мисалы, ошол ишкерге барып, «кум, шагыл, таш жана ушуга окшогон нерселер керек» деп азыртадан баасын сүйлөшүп, жарандардан билдирүүлөрдү алып, райондорго жеткирип берүүнү уюштуруп бергиле», — деди ал.

2024-жылдын 19-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйында селден жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берилерин, бирок каражат максаттуу жумшалып жатканы боюнча акимдер көзөмөлгө алышы керектигин билдирген.

—————————————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 14-июлундагы селде Кара-Суу районундагы селден 742 турак үй жабыркады. Анын ичинен 423 үйдүн короосун, 319 үйдүн ичин сел каптаган.

Ошондой эле район аймагындагы 9 социалдык объекти селден жабыркады. Алар: 4 мектеп, 2 оорукана, 1 ФАП, 1 музей, 1 бала бакча.

——————————————————-

2024-жылдын 28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн.

Маалыматка караганда, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, жалпы 125 үй, 1 бала бакча, 1 мектептин короосун сел каптап, анын ичинен 3 үй авариялык абалга келип, 28 үйдүн ичине, жер төлөлөрүнө сел кирген. Ички чарбалык унаа жолдорду каптап, көпүрөлөр жараксыз абалга келип, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. 26 баш бодо мал, 15 баш майда жандык, 10-15 электр мамысы селге агып кеткен. 4 көпүрө жараксыз абалга келген.

Селдин кесепетинен 10 адам каза болгон (7 жаш бала, 2 аял, 1 эркек адам киши). «Абшыр-Ата» эс алуучу жайына барган ички чарбалык унаа жол жабылган. Селдин кесепетинен унаа жолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу «Абшыр-Ата» эс алуучу жайында болжол менен 1400гө жакын адам, ал эми Кезарт жайлоосунда 150 адам калып калган. 12 баш бодо малды сел агызып кеткен.

  • Катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында 29-июнда акимдин буйругунун негизинде, Кулатов, Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

  • 2024-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылына жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн. Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар. Анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️