ОшТУга Түштүк Кореянын элчиси жетектеген делегация келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-октябрда Ош технологиялык университетине Түштүк Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангджэ мырза жетектеген делегация келди.

Конокторду Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, жолугушууда тараптар элчилик менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы кызматташтык мамилерди өркүндөтүү маселелерин талкуулашып, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча сүйлөшүштү.

Элчи Ким Квангджэ мырза ОшТУнун Түштүк Кореянын бир канча университеттери менен тыгыз кызматташып, жаштарды Түштүк Кореяда билим алууда корея тилин үйрөтүп салым кошуп келе жаткандыгына жана ОшТУнун алдында ачылган Ош 1-Сежоң институтунун ишмердүүлүгү Кыргызстандагы алдыңкы сап башында баратканына жана башка тил үйрөтүүчү институттарга үлгү иштерине, Түштүк Кореядагы университеттер менен академиялык мобилдүүлүк программаларын жүргүзүп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди. Ал элчилик ОшТУнун ишмердүүлүгүн жогору бааларын, дагы өсүүсүнө салым кошоп, магистратура жана аспирантура программалары боюнча кызматташууларда бирге иштешүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Соңунда ректор Жанболот Турсунбаев элчинин жаңы дайындалышы менен куттуктап, Ош жергесиндеги алгачкы иш сапарын ОшТУдан баштаганына, сырттан туруп ОшТУнун ишмердүүлүгүнө оң баа бергенине ыраазычылык айтып, ОшТУнун Түштүк Корея менен болгон ишмердүүлүгү мындан ары да жогорку бийиктикте чыгармачылык менен уланарына ишенимин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️