Пример HTML-страницы

ОшТУдагы семинарга өлкөнүн түштүгүндөгү ишкерлер чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын базасында фермерлерге, өндүрүүчүлөргө, мөмө-жемиштерди, жаңгактарды өндүрүүчү жана кайра иштетүүчүлөргө арналган семинар өткөрүлдү.

Семинар «SUFACHAIN» «Борбордук Азиядагы токой жана агротокой чарбалык нарк чынжырларында азыктарды, процесстерди жана чакан, орто бизнести өнүктүрүү аркылуу туруктуу жерди башкарууга көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бул иш-чара Германиянын федералдык билим берүү жана илимий изилдөө министрлиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы кошумча нарк чынжырчасында жана агро токой чарбасында продуктуларды, процесстерди, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу жер ресурстарын туруктуу башкарууга көмөк көрсөтүү» изилдөө долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Аталган семинарга Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын ишкерлери катышышты. Семинардын биринчи күнүндө жашылча жемиштерди кургатуунун технологиясы жана сапатты текшерүү боюнча окутуу жана практикалык сабактар болду.

Тренерлер:

1. Сманалиева Жамиля Насировна — т.и.к., доцент, Дрезден техникалык университеттин изилдөөчүсү (Германия);

2. Ирматова Жылдыз Камиловна — т.и.к., доцент, кафедра башчысы;

3. Исраилова Гүлбарчын Салимовна — б.и.к., доцент;

Практикалык жумушту кафедранын магистри Маматиса кызы Гулиза жүргүздү.

Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE