Пример HTML-страницы

ОшТУда ЖОЖдор аралык интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде жогорку окуу жайлар аралык интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларды болтурбоо жана адамдар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында ОшТУнун интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан «Brain storming» интеллектуалдык оюндун 2-этабы өткөрүлдү. Аталган иш-чарага 5 университеттин студенттери, 1 мектептин окуучулары, жалпысынан 18 команда катышты.

Командалар берилген суроолорго жооп беришип, сынактын шартына ылайык талаптарды аткарышты. Негизинен жаштар арасында орун алып жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, аларды чечүүнүн жолдору жана учурдун талабына ылайык билим берүүгө арналган суроолор берилди.

«Brain storming» интеллектуалдык оюнун жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун ОшМУнун «Креатив» командасы, 3000 сом жана I даражадагы диплом;

  • 2-орун ОшТУнун «No name» командасы, 2000 сом жана II даражадагы диплом;

  • 3-орун ОшМПУнун «Альянс» командасы, 1000 сом жана III даражадагы диплом;

  • 4-5-орундарга сертификат жана сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE