ОшТУда волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш өттү.

Окуу жайдын маалыматына караганда, гуманитардык-технологиялык колледжинин техника жана технология бөлүмүнүн автоунаа предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан уюштурулду. Мелдешке 10 команда катышты.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду ЭТЭиА-1-24(11) тайпасы, 2-орунду ЭТЭиА-23(9) тайпасы, ал эми 3-орунду ТОиРАТ-2-24(9) тайпасы алды. Жеңүүчү командалар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин техника жана технология бөлүмүнүн автоунаа предметтик-циклдик бирикмесинин башчысы Абдиматов Улан Исаевич Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️