ОшТУда «Улуттук каада-салт жаштардын талкуусунда» аттуу иш-чара өткөрүлдү

TurmushОш технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык, өлкөдө кыргыз элинин каада-салты жана ырым-жырымдарын сактоодо ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык мэриясы, Ош технологиялык университети, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмү, «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмеси менен биргеликте жаштарга туура багыт берүүдө азыркы биздин коомдо орун алып жаткан ашыкча чыгымдарды болтурбоо, каада-салттарды сактоодо ысырапкерчиликке жол бербөө сыяктуу иш-чараларды жайылтуу максатында конференция өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин жалпы жамааты, студенттер, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Балтагул Нурунбетов катышты. Мындан сырткары, Ош шаарында жашаган ар улуттун өкүлдөрү катышкан.

Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин каада-салтын жоготпой, аларды сактоодо ашыкча каражат талап кылган ырым-жырымдарды жоюу, ысырапкорчулукту алдын алуу менен жаштарды сарамжалдуулукка тарбиялоо.

Акыркы убактардагы улуттук каада-салтты бурмалап, ашыкча чыгымдарды талап кылган жөрөлгөлөр жана ысырапкорчулук боюнча талкуу жараткан саамалыкка арналып атайын көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө ар улуттун кийим-кечелери, улуттук буюм-тайымдары коюлуп, катышуучулар ар бир элдин тарыхын чагылдырган көрүнүштөргө күбө болушту. Мындан сырткары, ар бир элдин тамак-ашы коюлган жармаңкеде тамак-аштын көптөгөн түрлөрү коюлуп, катышуучулар каалаган тамак-ашты сатып алышты. Тамак-аштан топтолгон акча каражаты кайрымдуулукка жумшалып, шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана балдар үйүнө жумшалат.

Келечек жаштардын колунда. Ар бир эл учурдагы муунду кандай тарбияласа, ал элдин келечеги дал ошол жаштар менен куралып, ошол жаштардын алган тарбиясы менен аныкталат. Ошондуктан, кандай гана коом болбосун, кандай гана кырдаал болбосун улуу муун келечек муунду тарбиялоодо жалаң гана жакшы жүрүм-турум, адеп-ахлак, жакшы мүнөзгө ээ болуу менен аракет кылуусу зарыл. Ошондой эле ар бир элдин жеке өздөрүнө гана тиешелүү болгон улуттук баалуулуктарды сактоо менен коомго ылайыкташуу процессин эң мыкты түшүнө билүү зарыл.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️