ОшТУда кышкы спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

ОшТУда кышкы спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамдын, кызматкерлердин, институттар жана структуралык бөлүмдөр ортосунда аялдар жана эркектер арасында кышкы спартакиада өттү.

Спартакиада окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өткөрүлүп, волейбол, стритбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана кичи футбол боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлерден куралган командалар катышты.

Спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтык:

— 1-орун — гуманитардык-технологиялык колледжи, 20000 сом акчалай сыйлык;

— 2-орун — архитектура жана курулуш институту, 15000 сом акчалай сыйлык;

— 3-орун — Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту, 10000 сом акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Спорттук таймашка окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.

Иш-чара ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️